Укук тартиби

Оштогу №25 колониядагы камералардан тыюу салынган буюмдар табылды

Оштогу №25 колониядагы камералардан 17 даана уюлдук телефон, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлайт. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган. […]Читать далее

Коом

Бакыт Төрөбаев: Араванда 10 гектар жерге текстиль заводу курулат

МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба продукциясын сактоо, экспорттоо боюнча жакында Москва районунда ири ишкана ачылганын, ушундай эле өндүрүш өлкөнүн 5 жерине Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Ата, Балыкчыга ачылаарын билдирди. “Наркы 10 миң доллардык жүн иштетүүчү цехтер ачылат. Жүндөн жер семирткич алуу боюнча […]Читать далее

Коом

30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө чектөө киргизилип, унаа токтотууга

Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйругуна ылайык, 2023-жылдын 30-декабрынан 2024-жылдын 1-январына чейин (кошкондо) айрым жерлерде жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет. Ошентип, Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жабылат. Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 31-декабрында саат […]Читать далее

Президент

Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна катышты. Иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда өттү. ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидери катары видео-конференц-байланыш режиминде Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель видео […]Читать далее

Президент

ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: -“ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө “Евразия экономикалык жолу” декларациясын ишке ашыруу боюнча «Иш-чаралар планы жөнүндө (“жол […]Читать далее

Коом

Бишкекте жаңы жыл алдындагы «Santa Run» жарышы өттү

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын борборунда жаңы жылдын алдында салтка айланган «Santa Run» жеңил атлетикалык жарышы өттү. Жарыштын ачылыш аземине мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Белгилей кетсек, майрамдык жарышта жеңүүчүлөр аныкталган жок жана ар бир финишчи медаль алды. 900гө жакын спорт күйөрмандары 2 км, 4 км жана 6 км аралыкты басып өтүштү. Спорттук иш-чаранын […]Читать далее

Саясат

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга эки облустун чек арага чектеш район шаарларынын,күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Тараптар 2023-жыл ичинде, чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап,келерки […]Читать далее

Коом

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, айрымдарына сөгүш

Бишкек шаарынын мэриясында борбордун укук коргоо органдарынын жана  бардык муниципалдык кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча мэр А.Ж. Джунушалиев тарабынан  Биринчи май райондук администрациянын, ошондой эле шаардын башка райондук акимияттарынын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылган. Биринчи май райондук администрациясына текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө комиссия калаанын борбордук […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ЖЕЭК жыйынында: Биргелешкен аракеттердин аркасында биз макроэкономикалык туруктуулукту

“Биргелешкен аракеттердин аркасында биз макроэкономикалык туруктуулукту жана каржы системасынын бекемдигин камсыз кылдык. Биримдиктин экономикасы жаңы шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашып, туруктуу өсүү траекториясына чыкты”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу Мамлекет башчылары, Урматтуу жыйындын катышуучулары, Жогорку […]Читать далее

Коом

ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу Арменияга өттү

Евразия экономикалык кеңешинин (ЕАЭБ) органдарында төрагалык кылуу Россиядан Арменияга өттү. Бул тууралуу Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумунда Россиянын президенти Владимир Путин билдирди. 2024-жылдын ичинде Армения Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылат.Читать далее