Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга эки облустун чек арага чектеш район шаарларынын,күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Тараптар 2023-жыл ичинде, чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап,келерки жылга иш пландарды кабыл алышты.
Анда эки облустун чек арасында коомдук коопсуздукту сактоо,мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу,чыр чатактарга жол бербөө боюнча биргелешип иштөө макулдашылган.
Белгилей кетсек, Баткен жана Согди облусунун жетекчилиги аймакта тынчтыкты орнотуу, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында байма бай жолугушуп турууну макулдашып, анда чек ара аймактарында орун алган айрым окуяларды убагында жана жеринде чечип жатышкан.Натыйжада чек ара аймактарында олуттуу окуялар катталган эмес. Коомдук коопсуздук күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болду.
Бүгүнкү жолугушууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, буга чейин эки өлкөнүн аймагында кармалып турган автоунааларды кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп,тараптар унааларды алмашуу боюнча макулдашууга жетишишти. Жыйынтыгында Тажик Республикасына Кыргызстандан төрт,Кыргызстанга Тажикстан тараптан беш жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп берилди.Унаалар өткөн жылы куралдуу жаңжал учурунда ар кандай себептер менен эки өлкөнүн аймагында калган. Техникалар чек ара айылдарынын тургундарына таандык болгон.
Жолугушуу соңунда Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода бири бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап,коңшу элдерге тынчтык,ынтымак жана өнүгүп өсүү каалашты.

Связанный пост