Коом

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери бир күнгө убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдаларына байланыштуу жабылат. Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2-январда калыбына келтирилет. КР УКМК Чек ара кызматы эскертет: “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары штаттык режимде иш […]Читать далее

Аймак

Ноокен районунда ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды

Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Долбоорго ылайык, фабриканын курулушун иштерин 2024-жылдын соңуна чейин бүткөруү пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты бөлүнгөн. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң АКШ долларын түзүп, 560 жаңы жумуш орду пайда болот. Текстиль фабрикасында пахтадан кездеме […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда эки миңге жакын адам “Санариптик көчмөн” макамын алды

Кыргызстанда 1 миң 975 чет өлкөлүк адамга “Санариптик көчмөн” (Digital nomad) макамы берилди. Пилоттук долбоор 2022-жылдын 29-сентябрынан тарта ишке ашырылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистер укуктуу. “Санариптик көчмөн” […]Читать далее

Коом

Жыл жыйынтыгы. Кыргызстан боюнча быйыл 105 мектептин курулушу бүткөрүлдү

2023-жылы Кыргызстан боюнча 105 мектептин курулушу бүткөрүлүп, 18 мектеп оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.   Анын ичинен:   Чүй облусу боюнча 14 мектеп; Баткен облусу – 16 мектеп; Жалал-Абад облусу – 22 мектеп; Ысык-Көл облусу – 13 мектеп; Нарын облусу – 6 мектеп; Ош облусу – 25 мектеп; Талас облусу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров электрондук билериктерди ишке киргизүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон жыйында, айып тагылгандарга жана сот процесстерине аралыктан катышкандарга электрондук билерик тагуу аркылуу байкоо жүргүзүү чарасын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Үстүбүздөгү жылдын май айында Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген бул тиешелүү Мыйзам долбоорун жакында эле Кыргыз Республикасынын Жогорку […]Читать далее

Медицина

2 миллиондон ашык санариптик эмдөө карталары түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «iEmdoo» маалыматтык тутумунун жардамы менен вакциналарды алган адамдарды персоналдык эсепке алууну жүргүзүүдө. Санариптик эмдөө картасы эмдөөлөрдүн бардык түрлөрү, анын ичинде пландуу жана эпидемиологиялык себептер боюнча жүргүзүлгөндөр боюнча толук жана персоналдаштырылган маалыматтарды камтыйт. Ал ошондой эле медициналык каршы көрсөтмөлөр, эмдөөдөн кийинки мүмкүн болуучу терс таасирлер жана бейтаптын өмүр бою ден соолугунун […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл ичинде 20 миң гектардан ашык жер трансформацияланган

Жыл башынан тарта министрлер кабинетинин чечимдери менен жалпысынан 20 миң 291,14 гектар жер которулду (трансформацияланган). Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен: калкту конуштарга 302,82 га; логистикалык борборлорго 14,37 га; дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерине 46,13 га; пляждык аймакка 14,8 га; застава 200,0 га; инвестициялык долбоорлорго 19437,0 га; энергиянын кайра […]Читать далее

Коом

Жаңы жылдык майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын энергетиктери майрам күндөрү өз жумуш ордуларында күчөтүлгөн режимде иштешет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришт. Жаңы жылдык майрам күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулат. Энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт. Ыкчам топ жогорку даярдыктагы режимге […]Читать далее

Президент

Президент: Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн суммасын 111 млрд сомго

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) борбордук аппаратынын имаратында жайгашкан бажы кызматынын музейине барды. Ошондой эле Садыр Жапаров бажы операцияларынын бардык деңгээлдеринде ачык-айкындуулугун камсыздаган, ошондой эле бажы органдарынын ишинин оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртууга өбөлгө түзгөн МБКнын Кырдаалдык борборунун иши […]Читать далее

Президент

Президент: Өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы

 “Мезгил жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюп жаткан учурда өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы зор”, – деп президент Садыр Жапаров бүгүн ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинде белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу мекендештер! Мамлекеттик сыйлыктарга арзыган ардактуу замандаштар! Оболу кирип келген […]Читать далее