Коом

Оштун борбордук аянтындагы жаңы жылдык салтанатка 20 миңден ашык адам

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 20 миңден ашуун адам чогулду. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-декабрь саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторду жаңы жылы менен куттуктады. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Майрам фейерверк менен коштолуп, эстрада жылдыздары […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, алардын 143 – эркек, 133 – кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 15 эне кесарево жолу менен төрөгөн. “Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө биринчи болуп төрөлгөндөр (00:00) – 3,520 кг салмактагы […]Читать далее

Коом

Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 4 тонна таштанды чыгарылды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы жыл майрамына карата “Ала Тоо” аянтындагы өткөрүлгөн майрамдык иш-чарадан кийин 4 тонна таштанды чыгарды. Ишкананын 60 кызматкери, 6 атайын техникасы иш алып барды. Өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда кишинин саны 15 000дин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан. Борбордук […]Читать далее

Коом

ИИМ: Милиция күчөтүлгөн тартипте кызматын улантууда

2023-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 19 жол унаа кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү. ИИО кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Майрамдык ири иш-чараларда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо коопсуздуктун […]Читать далее

Коом

Бишкектин тургундары жаңы жылды тосушту

31-декабрда борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт болуп өттү. Шаардыктарды жана конокторду жаңы жыл майрамы менен маданият башкармалыгынын солисттери, чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздары куттукташты. Жаңы 2024-жылды башкы аянтта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери тосуп алышты. “Жаңы жыл Кыргызстандын ар бир […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 2024-жаңы жылы менен куттуктады. Төраганын жаңы жылдык куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 2024 – Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Өтүп бара жаткан жыл өлкөбүз үчүн жемиштүү жылдардан болуп, өлкө казынасы эселеп өстү. Аймактарга өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык мекемелерди куруу иши жигердүү […]Читать далее

Президент

Президент кыргызстандыктарды 2024-жаңы жылы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2024-жаңы жылы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу алыс-жакында жүргөн журтташтар! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Арадан жыл айланып, дагы бир жылды карытып, жаңы – 2024-жылга аяк басканы турабыз. Мындан туура бир жыл мурда Мекен чеги башталган байманалуу Баткен жергесинен жалпы журтту Жаңы жыл менен куттуктап, Жараткандан эл-журттун […]Читать далее

Министрлер кабинети

Чет өлкөлөрдүн премьерлери Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атына бир катар чет мамлекеттердин премьер-министрлеринин атынан келе жаткан Жаңы 2024-жыл менен куттуктоолор келип түшүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. “Армения менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин аркасында, 2024-жыл эки тараптуу жана көп тараптуу […]Читать далее

Коом

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында Лев Толстой көчөсү, 70А дарегиндеги “Эмгек биржасында” иш менен камсыз кылуу пунктунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери (милициянын участкалык пункту) иш алып барат. Пунктун орнотуу иштери 2023-жылдын 22-декабрында башталган. Пунктту орнотуу үчүн шаар мэринин резервдик фондунан 1 162 000 сом каражат бөлүнгөн, ошондой эле 800 миң сом өлчөмүндөгү […]Читать далее

Спорт

2023-жылы кыргыз спортчулары жалпы 812 медаль утту, анын 258и алтын

Узап бараткан 2023-жылы кыргыз спортчулары ар кандай мелдештерден жалпы 812 медаль утту. Анын 258 алтын, 241 күмүш жана 313 коло болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматта айтылат. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 2023-жылы Кыргызстандын аймагында 13 миң 475 адамдын катышуусу менен 285 республикалык спорттук-массалык иш-чара өттү. Ал эми 10 […]Читать далее