Укук тартиби

Ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн “Уста” базарынын коммерциялык директорун кармады

“Уста” базарындагы мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу боюнча фактылар аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан “Уста” курулуш материалдары базарындагы чарба жүргүзүүчү субъекттерге ылайыктуу шарттарды түзүүнүн алкагында, ижарачылардан ижара келишиминде каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул […]Читать далее

Коом

ИИМ: Видеокамералардын жардамы менен 2023-жылдын ичинде 3 миңге жакын кылмыш

Видеокамералардын жардамы менен 2023-жылдын ичинде 3 миңге жакын кылмыш ачылды. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүнкү күндө видеобайкоо камералары көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берип, окуяларды документтештирүүгө жана кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип келет. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө видеобайкоо көчөлөрдө, турак жайларда жана башка эл көп чогулган жерлерде коопсуздуктун ажырагыс бөлүгүнө айланууда. 2021-жылдын октябрынан тартып […]Читать далее

Коом

Балыкчыда муз тээп жүрүп сууга түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды

Балыкчы ШИИБдин милициянын участкалык ыйгарым өкүлү көлмөдө муз астына кирип кетип, чөгүп жаткан эки жаш өспүрүмдү куткарды. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. 8-январь күнү болжол менен саат 15:25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда көлмөнүн үстүндө коньки тээп жаткан балдар, муз астына кирип кеткендиги маалымдалган. Балыкчы ШИИБдин участкалык […]Читать далее

Коом

БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында Ошко 200 тонна ун жеткирилди

Бүгүн, Ош шаарына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Орусия 200 тоннадан ашык байытылган ун жеткирди. Өлкөнүн түштүк аймагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып, жыл сайын бул аймактагы 4600дөй адамга азык-түлүк (байытылган ун, өсүмдүк май) таратылат. Орусия Федерациясы БУУнун азык-түлүк программасын колдоого алган (ВПП ООН) Кыргызстандагы эң ири донор. Акыркы 10 жылдан бери […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 2023-жылы 4,3 млрд сомго 1155 айыл чарба техникасы лизингге

Кыргызстанда 2023-жылы 4 млрд сомго 1155 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп-жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын епискобу Савватийге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эдил Байсалов Христостун туулган күнүнө байланыштуу епископ Савватийди жана өлкөнүн православ христиандарын куттуктап, жалпы православ коомчулугуна бакыт, жакшылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары православ дини Кыргызстандын көп улуттуу элинин […]Читать далее

Коом

Газа секторуна жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 307 миң сом

Бүгүнкү күндө Газа секторуна жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 307 миң 465,3 сом жана 1000 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлайт. Реквизиттери: Алуучу банк: “Айыл Банк”ААК ИНН 41002202310503 БИК 135039 ОКПО 31816860 Эсептин номери: №1350158030000557 “КР ФМ (Газа секторунун жарандарына жардам берүүгө акча каражаттарын топтоо үчүн эсеп) “(сом, АКШ доллары, евро, рубль) Төлөм коду: […]Читать далее

Коом

Бишкекте жаңы перинаталдык борбор жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет

2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы Перинаталдык борборунун ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунун курулушу аяктады. Учурда медициналык жабдууларды орнотуу, ошондой эле борбордун айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта жаңы Перинаталдык борбордун расмий ачылышы пландалууда. Эскерте […]Читать далее

Коом

Өлкөдө сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2023-жылдын 52-жумасына (и.к. 194,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 1-жумасында (01.01-07.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 8201 учуру (и.к. 116,3) катталды, б.а. – 40,2% төмөн. Ооругандардын ичинен 72,2%ын (5961 учур) 14 жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1315 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда КТБ жана паспорт бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп баштады

Кыргызстанда 8-январдан тарта Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет. Аталган борборлор саат 09:00дөн тарта 18:00гө чейин жарандарды тейлөөдө. Жарандар өз ыңгайлуулуктары үчүн 119 ыкчам номерине чалып кеп-кеңеш алса болот. Чалуу акысыз. Андан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары EarlyOne тиркемеси аркылуу электрондук кезекке турса […]Читать далее