Кыргызстан 2,9 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоду

 Кыргызстан 2,9 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан 2026-жылдын 15-октябрына карата 2 млрд 922 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоду. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берип жатып билдирди.

“Электр энергиясын импорттоонун жылдык планы 4 млрд 999 млн кВт/саат. Ал эми 15-октябрга карата импорттун планы 2 млрд 957 млн кВт/саатты түзүп, иш жүзүндө 2 млрд 922 млн кВт/саат электр энергиясы алынган”, – деди ал.

Связанный пост