Ош шаарында Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушуу болуп өттү
Бүгүн, 12-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Өз сөзүндө М.Исаев эки тараптуу мамилелердин жемиштүү өнүгүп жатканын белгилеп, ошондой эле социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, туризм жана башка келечектүү багыттарда кызматташууну чыңдоону баса белгиледи.
Жолугушууда тараптар маданият, билим берүү тармагындагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле “Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун алкагында Ош шаарындагы Өзбекстандын жарандары үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштуруу маселелерин талкуулашты. 19-21-апрель күндөрү ОшМУнун жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында шайлоо участкаларын уюштуруу пландалууда. Ош шаарынын мэриясы мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштурууга өз ыйгарым укуктарынын чегинде көмөк көрсөтөт.
Тараптар ошондой эле Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театрын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышын талкуулашты.