Ноокат районунун борбору иретке келтирилет

 Ноокат районунун борбору иретке келтирилет

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ноокат районунун жолу жана борбордук базарынан кабар алды.

Сапардын приоритеттүү багыттарынын бири эки облусту бириктирген негизги жолдун айланасын иретке келтирүү жана курулуп жаткан жолду тездетүү болду.

Ноокат шаарына болгон иш сапарынын алкагында тургундар жана коноктор үчүн ыңгайлуу шартты жакшыртууга жана тазалыгына басым жасады.

Унаа тыгындарын жараткан жана жолдо жүрүүнү кыйындаткан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.

Мындан сырткары көрнөк-жарнактарды иретке келтирип, баш аламан дүкөндөрдү тазалоо, жол боюндагы тосмолор боёлуп, шаардын жалпы тазалыгына көңүл буруу керектигин айтылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокат шаарынын мэрине кайрылып, тургундардын бакубат жашоосу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмасын койду.

Жыйынтыгында ККМ аппаратын колдонуу канчалык деңгээлде жүрүп жаткандыгы боюнча дүкөндөргө кирип кабар алды.

ККМ аппараты коюлгандан бери салыкты чогултуу көрсөткүчү көтөрүлгөнүн, кээ бир жашыруун салыктар ачыкталганын, айлык маяналардын жогорулашы жана жергиликтүү бюджет ушул салыктан да көз каранды экенин ишкерлерге, элибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Биргелешкен аракеттер эң жакшы натыйжаларга жетишүүгө көмөк болорун билдирди.

Связанный пост