Москвада Кыргызстандын көргөзмөсү ачылды

Кечээ, 8-июнда Россия федерациясындагы ВДНХда “Саякат” ири туристик форумунун алкагында өнөктөш өлкөсү болгон Кыргыз Республикасынын көргөзмөсү ачылыды. Бул көргөзмө 8-июндан 11-июнга чейин уланат.
Көргөзмөдө даамдуу тамактар, улуттук оюндар, кызыктуу мастер-класстар, мода көргөзмөлөрү көрсөтүлөт. Мындан сырткары чоң бизнес пландар күн тартибинде пландаштырылган. Ал жерде Кыргызстандын турисстик компанияларынын өкүлдөрү жаңы өнөктөштөрдү таба алышат, ал эми форумдун көптөгөн коноктору өлкөбүздүн бардык туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышып, ал тургай саякатка жазыла алышат.
Турисстик форумдун рассмий ачылышына Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вахруков, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Туризм боюнча комитетинин төрагасы Сангаджи Тарбаев жана Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү фондунун президентинин кеңешчиси Максат Усубалиев катышып, сөз сүйлөдү.
Максат Усубалиев белгилегендей, орусиялыктар Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууна адатка айлантышкан. Бирок азыркы тапта туризм өнүгүүдө, альпинизм, аскага чыгуу, боз үйдө жашоо, ат минүү, байыркы чептерге баруу, Тянь-Шандын бийик чокуларына чыгып келүүгө да мүмкүнчүлөктөр түзүлгөн.
Көргөзмөдө салттуу жасалгасы менен тигилген улуттук чоң боз үй элдин көңүлүн бурду. Көргөзмөнүн жүрүшүндө төрт күн бою көптөгөн сынактар жана оюн-зооктор – улуттук оюндар, жаачылардын оюну, көчмөндөрдүн, бийчилердин жана музыканттардын салттуу тамак-ашынан даам татуу, мода-шоу, жоолуктарды, териден жана кийизден тумар жасоо, чоподон сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Связанный пост