Нарында 6 км жол асфальтталды

 Нарында 6 км жол асфальтталды

Нарын шаарында ички жолдорду асфальтоо уланууда. #41-8- жол тейлөө мекемелери тарабынан асфальтоо иштери аткарылып, бүгүнкү күнгө карата, жалпы узундугу 6 чакырым жол асфальтталды.

 

Жол жасоо иштеринин сапатына атайын техникалык көзөмөлчү жана Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Рахат Орозбаевдин жетектөөсүндөгү комиссия көзөмөлгө алып, сапатсыз деп эсептелген бөлүктөрүн кайра жасоо боюнча билдирүүлөр берилүүдө.

 

Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Р. Орозбаев жол асфальтоо иштерин алып барып жаткан кызматкерлерге, Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоо көпчүлүк жашоочулардын көксөөсү болуп келгендигин, муну менен негизги маселелердин бири чечилип жаткандыгын эске алуу менен сапаттуу жасап берүүнү белгиледи.

 

Ошол эле учурда жол кыймылын көзөмөлдөө кызмат башчысына асфальттоо үчүн даярдалган көчөлөрдө өз алдынча казуу иштерин болтурбоо үчүн көзөмөлдөө, өз билемдик менен казган жашоочуларга айып салуу тапшырылып, баардык маалыматтарды учурунда маалымадап туруу тапшырылды.

Связанный пост