Чолпон-Атада волейбол боюнча CAVA Улуттук лигасы өтүп жатат

18-июндан бери Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасы өтүүдө.

Мелдешке 6 мамлекеттен (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркменстан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалар катышууда.

Оюндун салтанаттуу ачылыш аземине “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаев жана Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты.

Оюн башталгандан бери Кыргызстан жаштар курама командасы Түркменистан курама командасын 3:1 эсебинде жана Өзбекстандын курама командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, мелдеш 25-июнга чейин болот.

Связанный пост