Эскалатордон кулаган бала сакайып, ооруканадан чыкты
Бишкектеги соода борборлорунун биринде эскалатордун 2-кабатынан кулаган бала күн мурун, 12-сентябрда сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, беш жашар А.Б. аттуу бала оор абалда 11-августта Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына келип түшкөн.
Бир айга созулган дарылоо жана дарыгерлердин тынымсыз аракетинен кийин оор жаракат алган бала кайрадан басып, сүйлөп калды.
Бала ооруканадан чыгар алдында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов анын абалынан кабар алды. Ошондой эле баланын өмүрүн сактап калууга салым кошкон дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирди.
Министр реанимация бөлүмүндө дарыланып жаткан башка балдардын да абалы менен таанышты.
Белгилей кетсек, бала ооруканага баш мээнин оор жаракаты, баш сөөгүнүн сыныктары, мээнин шишиги, сол жак төбө бөлүгүндөгү эпидуралдык гематома жана башка оор жаракаттар менен түшкөн.
Бейтап эс-учун жоготкон өтө оор абалда болгондуктан, нейрохирургдар тарабынан шашылыш операция жасалган.