Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку жолуна кар көчкү түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолунун 74-85-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16000 м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды.
Унаа жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн №26 ЖТИден 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 манипулятор тартылган.
Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.