Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымын макулдашышты

2023-жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин, топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты.

Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Связанный пост