Чүй облусуна 689,5 млн сом бөлүндү

 Чүй облусуна 689,5 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 11 айында Чүй облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 689,5 млн.сом каржыланды.

Анын ичинен :

Бюджеттер аралык трансферттер:

 

1. Теңдөөчү трансферт – 293,7 млн сом;

2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 44,3 млн сом;

3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1,2 млн сом;

4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 113,0 млн сом;

5. Бирдиктүү салык компенсациясына – 237,3 млн сом.

 

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 238,1 млн. сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, Токмок шаарынын жылуугуна “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын жылуулука болгон карызын жабууга республикалык бюджеттен – 25,5 млн. сом каржыланды.

Связанный пост