Президенттик шайлоо: БШКга 9 талапкер арыз берди

 Президенттик шайлоо: БШКга 9 талапкер арыз берди

Бүгүн, 11-ноябрга карата президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 9 жаран арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.

Алар:

  • Аймен Касенов;
  • Азамат Эсенбеков;
  • Сыймык Жапыкеев;
  • Акай Кыдыров;
  • Исхак Масалиев;
  • Садыр Жапаров;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Бакытбек Адылов;
  • Амур Айба Медер.

Учурда талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын колдорун чогултуу иштери жүрүп жатат. Жарандар талапкерлерди “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн колдой алышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Связанный пост