Министр: Кырчын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын борбору болот

 Министр: Кырчын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын борбору болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасынын курулушу уланууда. Ал 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган Оюндун масштабдуу маданий программасынын негизги аянтчаларынын бири болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, Кырчындын аймагында 15 боз үй шаарчасына бириктирилген 500гө жакын боз үй тигилет. Анда Кыргызстандын жети облусу, Бишкек жана Ош шаарлары, ошондой эле коомдук бирикмелер жана чет мамлекеттер өздөрүнүн аянтчаларын көрсөтөт.

“Биз үчүн Кырчын жөн гана этношаарча эмес. Бул кыргыз элинин тарыхы, руханий дүйнөсү, салт-санаасы, улуттук өнөрү жана жашоо философиясы көрсөтүлө турган өзгөчө маданий мейкиндик”, — деп белгиледи министр.

Анын айтымында, этношаарчада улуттук музыка, театр жана фольклор, манасчылык жана төкмө акындардын өнөрү, салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш, каада-салттар, элдик оюндар жана этномода көрсөтүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасынын концепциясын жана программасын тааныштырды. Программанын мазмунун түзүүгө тарыхчылар, этнографтар жана окумуштуулар да өз сунуштарын беришкен.

Мамбеталиев Кырчындын инфраструктурасын түзүүдө буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү тажрыйбасы эске алынганын белгиледи. Айрыкча санитардык объектилерге, канализация системасына жана тазалоочу курулмаларга көңүл бурулган.

“Башында этношаарчаны курууга 200 млн сомго жакын каражат каралган. Кошумча дагы 50 млн сом бөлдүк”, — деди министр.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы ошондой эле “Бишкек Аренада”, Курманжан датка атындагы этнографиялык музейде, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо, “Рух Ордо” маданий борборунда, “Дордой Номад” комплексинде жана Кырчын жайлоосунда өтөт.

Кырчындын аймагында айтыш, сармерден, боз үйлөрдүн кароо-сынагы, аймактар аралык сынактар жана башка иш-чаралар уюштурулат. Негизги иш-чаралардын бири 2-сентябрда 5 миңге жакын көрүүчүгө ылайыкталган “Кут Ордо” аянтчасында өтөт.

“Кырчын этношаарчасындагы иш-чараларга кирүү акысыз болот. Аянтча күнүнө 100 миңге чейин көрүүчүнү кабыл алат деп күтүлүүдө”, — деди ал.

Ошол эле учурда уюштуруучулар жайлоонун жаратылыш ландшафтын сактоого өзгөчө көңүл буруп жатышат. Курулуш иштери аяктаган аймактарга жергиликтүү жаратылыш шарттарына ылайыкташтырылган атайын газон себиле баштады. Иш-чаралар аяктагандан кийин аймактагы чөп катмарын кайра калыбына келтирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын негизги максаты — улуттук мурасты сактоо, аны заманбап шартта өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүү.

Связанный пост