Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылы 11 пайызга өсүшү мүмкүн

 Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылы 11 пайызга өсүшү мүмкүн

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү тууралуу божомолун 11%га чейин жогорулатты. Бул банктын жаңы макроэкономикалык баяндамасында белгиленген.

Банктын аналитиктеринин эсеби боюнча, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн экономикасы 10,8%га өскөн. Бул мезгилде инвестициялардын көлөмү 68,5%га, чекене соода 15,4%га көбөйүп, мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 8,6%га жогорулаган.

Банк негизги капиталга салынган инвестициялардын жана керектөө активдүүлүгүнүн өсүшү жыл жыйынтыгында ИДПнын 11%га чейин көбөйүшүнө шарт түзөрүн болжолдоодо.

Связанный пост