Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды

 Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары катыша алат:

– жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар;

– атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (майыптыгы бар балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

– аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

– соттолбогондор;

– Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык каршы көрсөткүчтөрү жоктор;

– мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер;

– жалпы билим берүү уюмдун ишмердүүлүгүн пландаштыруунун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо ыкмаларын жана персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, ички эмгек тартибин, жалпы билим берүү уюмунун администрациялык финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу өлкөнүн Конституциясын жана мыйзамдарын билген;

– билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;

Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап, 10 иш күнү аралыгында төмөндөгү документтерди тапшыруусу керек:

– белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);

– паспортун;

– жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) (тиркемеси менен);

– эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

– жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);

– соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалым катын;

– психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым катын.

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет. Талапкерден жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Связанный пост