Манас шаарында курулушу бүтө элек имараттан өрт чыгып, 2 адам каза тапты

 Манас шаарында курулушу бүтө элек имараттан өрт чыгып, 2 адам каза тапты

Манас шаарына караштуу Ынтымак айылынын А. Каримбеков көчөсүндө жайгашкан курулушу толук аяктай элек 2 кабаттуу имараттан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынын кесепетинен 3 эркек адам жабыркаган. Алардын бирөөсү ооруканада каза болуп калган. Экинчиси учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ал эми үчүнчү жаран өрт кырсыгы катталган жерде түтүнгө ууланып каза тапкан. Анын сөөгү өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар тарабынан имараттан чыгарылып, Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

“Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост