Чет өлкөлөрдө издөөдө жүргөн 132 адам Кыргызстанга кайтарылды
2023-жылдан бери Кыргызстандын укук коргоо органдарынын демилгеси менен эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттерде кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармоолор Таиланд, Түркия, АКШ, Италия, Испания, Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерде жүргүзүлгөн.
Ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун натыйжасында издөөдө жүргөн 132 адам экстрадициялоо жана депортациялоо жолу менен Кыргызстанга кайтарылды.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында чет мамлекеттердин демилгеси менен эл аралык издөөдө жүргөн 96 чет өлкөлүк жаран кармалып, алардын 42си издөө жарыялаган өлкөлөргө экстрадицияланды.
ИИМдин маалыматына караганда, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелген адамдарды издөө жана кармоого өзгөчө көңүл бурулууда.