Мамкатчы Дүйнөлүк көчмөндөр Модасы фестивалынын 5-сезонунун ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 10-августта, Дүйнөлүк көчмөндөр Модасы фестивалынын 5-сезонунун ачылышына катышты.

Беш жыл ичинде Кыргыздын желегин 50гө жакын мамлекетке көтөрүп, кыргыз модасына таанытып, салттуу кийим, мода индустриясын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан Назира Бегим жана башка уюштуруучуларга Мамлекеттик катчы ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанда “Дүйнөлүк көчмөндөр” мода фестивалы 2017-жылы эл алдында көрсөтүлө баштаган.

Аталган фестиваль Марокко, Франция, Индия, Орто Азия өлкөлөрү, Индонезия, Кытай, Корея мамлекеттеринде уюштурууга жетишкен.

Связанный пост