Маданият министрилиги айылдык китепканаларды заман талабына ылайыкташтыруу иштерин баштады

 Маданият министрилиги айылдык китепканаларды заман талабына ылайыкташтыруу иштерин баштады
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги айылдык китепканаларды заман талабына ылайыкташтыруу иштерин баштады. Мындай кадам аймактагы китепканалардын ишин натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталып, агартуу уясынын көп тармактуу иш алып баруусуна негизделет.
Ишти комплекстүү өнүктүрүүнүн алгачкы аракети катары министрлик тарабынан атайын түзүлгөн жумушчу топ Чүй облусундагы айылдык жана мектеп китепканларын мониторинг жүргүзүп, китепканалардын бүгүнкү абалы, китеп фонду, тейлөө сапаты жана окурмандардын келүүсү тууралуу маалымат топтоду.
Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй айылда жайгашкан китепканалардын бирин-бири кайталаган функцияларды ирээттеештирүү менен, айылдык китепканалар менен айылдагы мектептердин китепканасын оптималдаштыруу аркылуу заман талабына ылайык коомчулук көп барган, агартуу иштерине өбөлгө түзө турган комплекстүү иш жүргүзүү пландалууда.
Алдыда мындай айылдык китепканаларга мониторинг жүргүзүү бардык облустарды жүргүзүү пландалууда. Мындай аракет алдыда боло турган администрациялык-аймактык түзүлүштүн ишин алдыга жылдырууга негизделип, натыйжалуу иш башкаруу максатын көздөйт.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө жергиликтүү бюджеттен каржылынган 932 айылдык китепкана бар. Көпчүлүгүнүн имараттарынин эскилиги жетип, китеп фонду толукталбай, китеп сактоо жана иш алып баруу иши талапка жооп бербейт.
Аталган көйгөйлөрдү жоюу үчүн, китепкана ишинин натыйжалуулугун арттыруу мезгил талабы болууда.

Связанный пост