Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору менен жолукту

 Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору Евлашков Дмитрий Владимирович менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Д.Орунбеков социалдык баракчасына жазды.
Жолугушуунун жүрүшүндө медиаталаасында өз ара аракеттенүү, ар кыл багыттагы темаларды чагылдырууну кызматташуу маселелери талкууланды.
“Кесиптешибиз Дмитрий Владимирович ошону менен бирге бир катар маданий багыттагы конкреттүү сунуштарын берип, өз кезегибизде биз аларды тийиштүү ведомстволор менен карап чыкмай болдук. Дмитрий мырзаны эртең, 1-апрелде, Бишкектин “Ынтымак” багында ЖМК, эл аралык өнөктөштөрдүн коммуникаторлору жана мамлекеттик органдардын пресс-катчыларынын бак тигүү акциясына катышууга чакырдым”, – деп билдирди Д.Орунбеков.

Связанный пост