Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбайт

 Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбайт

 Коронавируска каршы Республикалык штаб Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбай тургандыгын эске салат.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Чек ара кызматы, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ММСЖСМ жана «Манас» эл аралык аэропортунун биргелешкен буйругу 1-майда күчүнө кирген. Ага ылайык, КР жарандары жана чет өлкөлүктөр Кыргызстан менен чек арадан терс ПЧР-тестти жана COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтпөстөн өтө алышат.

“Бирок ПЧР-тестти тапшырганы тууралуу маалым кат сиз барууну пландап жаткан өлкө тарабынан талап кылынышы мүмкүн. Ошондуктан чет мамлекеттердин кирүү/чыгуу эрежелери менен таанышуу маанилүү. ПЧР-тест зарыл болгон учурда, аны милдеттүү түрдө аэропортко тапшыруу талап кылынбайт. Сиз мындай кызматтарды көрсөткөн жеке жана мамлекеттик каалаган лабораториядан текшериле аласыз”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост