Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

 Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

2023-жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Ошол себептүү талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгы байкалууда.

8-марттан тартып, бүгүнкү күнгө чейин, 1800дөн ашуун айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн, унаа башкаруу укугунан ажыратылды.

ЖКККББгы мындан ары да, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде рейддик иш-чараларды күчөтөт.

Связанный пост