Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда бүгүн, 19-августта саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.

Өлкөнүн калктуу конуштарында жердин силкинүүсүнүн күчү сезилген эмес.

Связанный пост