YouTube видеону көрүүлөрдү эсептөө ыкмасын өзгөртөт
24-августтан баштап YouTube видео көрүүлөрдү эсептөө ыкмасын өзгөртөт. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, көрүүлөр видео көрсөтүлө баштаган учурдан тартып, биринчи кадрдан баштап эсептелет. YouTube 2025-жылы кыска видеолор үчүн методикасын жаңырткан. Эми ушул эле стандарт башка форматтарга да жайылтылат.
Муну менен эми авторлор видеолорунун чыныгы аудиториясын жакшырак түшүнүп, ар кандай форматтарды салыштыра ала алат. Бул өзгөрүүдөн кийин авторлордун видеолорунда көрүүлөрдүн саны тезирек өсөт деп күтүлүүдө.
Баштапкы көрүүлөрдүн саны YouTube Analytics’тин “Өркүндөтүлгөн режим” бөлүмүндө сакталат. Бул авторлорго канча көрүүчү видеолорду көрүүнү улантып жатканын кароого мүмкүндүк берет.
YouTube бул өзгөрүүлөр авторлордун кирешесине жана өнөктөштүк программасына (YPP) катышуусуна таасир этпей турганын билдирди.