ЖК депутаттары Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Жапонияга жасаган расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйынына катышты.

Анда кош палаталуу парламенттин ичинен Өкүлдөр палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтар берилип, мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк кылуу жаатындагы өзгөчөлүктөрү жеринде көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, парламенттик талкууларды жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору тааныштырылды.

Ошону менен Жогорку Кеңештин делегациясынын Жапониядагы расмий сапары жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, Төрага Марлен Маматалиев баштаган делегациянын курамында депутаттар Талант Мамытов, Талайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Гульнара Акимбаева, Ырысбек Атажанов, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Венера Салямова, Умбеталы Кыдыралиев, Рустамбек Советбек уулу, Айсаракан Абдибаева, Токтобүбү Ашымбаева, Бурул Аманова, Джайлообай Нышанов, Джамиля Исаева, Айгүл Карабекова, Карим Ханджеза, Улан Бакасов, Максат Алымбеков, Эрулан Кокулов, Улан Сариев жана Бекмырза Чолпонбай уулу болду.

Связанный пост