Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын курулуш иштери активдүү жүрүп жатат

Бүгүн, 29-мартта кыргыз театр искусствосундагы эң жаш оюн зоок мекемелеринин бири Кыргыз улуттук “Манас” театрынин курулуш иштеринин жүрүшүнө арналган пресс-тур уюштурулуп, жасалып жаткан иштер ЖМК өкүлдөрүнө жеринен көрсөтүлдү.

 

Жасалып жаткан иштер жана коюлуп жаткан пландар тууралуу театрдын директору Азиз Биймырза уулу кенен маалымат берди.

 

Театр 2021-жылдын сентябрь айында “Манас” эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын (манасчы, дастанчы) чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана жайылтуу максатында түзүлгөн. Президенттин Жарлыгы менен 2022-жылдын 17-февралында театрга “Улуттук” статус берилген.

 

Анда 7 дубанындагы манасчы, дастанчы, төкмө акындардын дээрлик бардыгы бүгүнкү күндө мамлекеттик камкордукка алынды.

 

Заманыбыздын залкарлары Замирбек Үсөнбаев, Түгөлбай Казаков, Жолболду Алыбаев, Рахматулла Козукеев, Назаркул Сейдракманов, Роза Аманова, өңдүү таланттар театрдын көч башы болуп эмгектенүүдө.

 

Жыл ичинде тетардын өнөрпоздору бир нече республикалык, эл аралык деңгээлдеги айтыш, кароо-сынак, фестиваль, концерттерди өткөрүп, жигердүү да катышууда.

 

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан мындай колдоо, камкордук чыгармачыл инсандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк, дагы да мыкты чыгармаларды жаратып, өркүндөтүүгө өбөлгө.

Связанный пост