2024-жылга карата 41 мамлекеттен 100 миңге жакын уруксат кагаздары алынды

 2024-жылга карата 41 мамлекеттен 100 миңге жакын уруксат кагаздары алынды

2024-жылга карата 41 мамлекеттен 100 миңге жакын уруксат кагаздары алынды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын автотранспортчуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүү рыногунда жагымдуу шарттарды түзүү, чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 2024-жылга карата 41 мамлекеттен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын негизинде 96 миң 185 даана уруксат кагазы алынды.

Анын 92 миң 305и макулдашуулардын жыйынтыгында белгиленген квотанын негизинде болсо, 3 миң 880 даанасы сүйлөшүүлөрдүн негизинде квотадан сырткары кошумча түрдө алынды.

Ал эми быйыл биринчи кварталда эл аралык ташууларга 27 миң 361 уруксат кагазы берилсе, былтыр бул сандар 18 миң 734тү түзгөн.

Связанный пост