Улуттук хирургия борборунда боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү
Боорду алмаштыруу операциясы эми мамлекеттик ооруканада дагы ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, операция М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда жүргүзүлдү. Донор катары бейтаптын 20 жаштагы уулу катышты. Учурда донор да, реципиент да дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары жакшы. Буга чейин Президенттин колдоосу менен Кыргызстандагы жеке клиникаларда жасалган болчу.
“Бул жетишкендик өлкөдө саламаттык сактоо тармагында жүрүп жаткан реформалардын натыйжасы. Акыркы жылдары тармакка бөлүнгөн каржылоонун көлөмү көбөйүп, медицинанын мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө.
Апрель айынан тарта дарыгерлердин айлык маянасы дагы 100% жогорулады, жакында врачтар көбөйгөн айлыктарын колуна алышат. Адамдын ички органдарын, бөйрөктү алмаштыруу операциялары дагы мамлекеттин каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Буга чейин, боор, бөйрөк жана ички органдарды алмаштыруу операциялары чет өлкөдө, ири суммадагы акча каражаттарына жасалчу. Азыр, мамлекет камкордугуна алган.
Саламаттык сактоону өнүктүрүү – президент Садыр Жапаровдун артыкчылыктуу негизги багыттарынын бири болуп саналат”, – деп жазды ал.