Кыргыз-өзбек чек арасындагы 3 өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштайт

 Кыргыз-өзбек чек арасындагы 3 өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштайт

Бүгүн, 20-майдан тартып Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү (24 саат) иштей баштайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү өткөрүү пункттары үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү:

  • “Кадамжай – автожол”;
  • “Чечме – автожол”;
  • “Ак-Кыя – автожол”.

“Өткөрүү пункттарынын иш тартибин өзгөртүү жайкы туристтик сезон учурунда чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мындай режим үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган өткөрүү пункттарынан бир гана Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өтө алышат.

Связанный пост