Умрага аккредитациядан өткөн фирмалар аркылуу гана баруу сунушталат
Жарандар Умра сапарына чыгуудан мурда Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан аккредитациядан өткөн, тиешелүү уруксаты бар фирмаларды гана тандашы керек. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Умра бөлүмүнүн адиси Умар Бакиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, аккредитациядан өткөн фирмалардын документтери жана келишимдери текшерүүдөн өтөт. Ал эми тиешелүү уруксаты жок компаниялардын кызматынан пайдаланган жарандар алданып калуу коркунучуна туш болушу мүмкүн.
“Жарандар Умра сапарына чыгуудан мурда фирманын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан аккредитациядан өткөнүн жана тиешелүү уруксаты бар экенин тактап алышы керек. Анткени аккредитациядан өткөн фирмалардын документтери жана келишимдери толук текшерилет. Ал эми уруксаты жок фирмалар менен сапарга чыгууда алданып калуу тобокелчилиги бар”, – деди ал.
Умар Бакиров аккредитациядан өткөн фирмалардын тизмеси муфтияттын расмий сайтында жарыяланганын белгиледи. Ошондой эле кайсы бир фирманын аккредитациясы жокко чыгарылган учурда бул тууралуу маалымат башкармалыктын расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланып турат.
“Жарандарды сапарга чыгардан мурда шылуундардан жана алдамчылыктан сак болууга чакырабыз. Ошол эле учурда сапарды уюштуруучу фирманы тандоодо ар бир адам өз жоопкерчилигин сезип, анын уруксат документтерин алдын ала текшериши зарыл”, – деп кошумчалады адис.