Талас 2028-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды

 Талас 2028-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Туруктуу кеңешинин Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн 43-жыйынында 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматовдун жылы, ал эми Талас шаарын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Аталган чечимдер Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени 2028-жылы кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 100 жыл толот. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, кыргыз элинин руханий дүйнөсүн жана улуттук баалуулуктарын эл аралык деңгээлде таанытып келет.

Ал эми Талас облусу — “Манас” эпосунун мекени жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган жери катары өзгөчө тарыхый-маданий мааниге ээ. Таластын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышы аймактын тарыхын, маданиятын, улуттук мурасын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ уюмунун Жогорку кызматтагы өкүлдөр комитетинин 8-жыйыны 26-ноябрда Андижан шаарында башталган. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын алкагында Андижандын 2026-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору макамынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, мүчө мамлекеттердин маданий жана гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Связанный пост