Чет элдик ишкерлер Кыргызстанда балык өстүрүүгө кызыгууда
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте чет элдик инвесторлор менен жолугушуу өттү.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда компаниянын ишмердүүлүгү, эл аралык жеткирүү географиясы жана аквакультура тармагында заманбап технологияларды колдонуу тажрыйбасы тууралуу маалыматтар берилди.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты Кыргызстандын аймагында аквакультура тармагындагы кызматташуу келечегине багытталды. Чет элдик өнөктөштөр Кыргызстанда осетр балыгын өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле заманбап балык чарбаларын өнүктүрүү үчүн өлкөнүн инвестициялык потенциалын изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
“Кыргызстан кайра иштетүү өнөр жайына жана агрардык секторго, анын ичинде аквакультураны өнүктүрүүгө инвестиция тартууга кызыкдар. Өлкө заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду колдойт”, – деди агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйба алмашууну жана аквакультура тармагына заманбап технологияларды киргизүүнү талкуулашты.