Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектеновдун тар курамдагы жолугушуусу болду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун тар курамдагы эки тараптуу жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эки мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин аркасында эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтык туруктуу өнүгүп, жаңы дем алганын белгиледи. Туруктуу саясий диалог жүргүзүлүп, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштар кеңейүүдө. Мамлекет башчылары тарабынан саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча коюлган максаттарды ишке ашырууга багытталган ырааттуу аракеттер көрүлүүдө.
“Бүгүнкү расмий сапарыңыз Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыгыбызды жаңы, практикалык мазмун менен байытууга салым кошоруна ишенем. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тыгыз кызматташууга даяр экенин дагы бир жолу ырастайм. Биздин команда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле ишенимге жана конструктивдүү диалогго негизделген мамилелерди сактоого умтулат”, — деп билдирди ал.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Экинчи кыргыз-казак аймактар аралык форумунун жана Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын өзгөчө маанисин белгиледи. Бул иш-чаралар эки тараптын позицияларын шайкеш келтирүү, келечектеги аракеттерди координациялоо жана күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди ыкчам чечүү үчүн маанилүү механизм болуп саналат.
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов өз кезегинде меймандостукта жылуу кабыл алуу болгондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал кыргыз-казак мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деминде мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, казак тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгына, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт, логистика, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөргө тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулап, аймактар аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.