Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы 14-жыйынын өткөрүштү.

Жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Казакстандагы реформаларды канааттануу менен байкап жатканын белгилеп, эки элди көп кылымдык боордоштук байланыштар бириктирип турарын баса белгиледи. Ошондой эле акыркы жылдары мамлекет башчыларынын ишеничтүү мамилесинин негизинде кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын, Президент Касым-Жомарт Токаевдин былтыркы расмий сапары мамилелердин союздаштык мүнөзүн тастыктаганын кошумчалады.

“Сиздин бүгүнкү расмий сапарыңыз эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем, – деди Адылбек Касымалиев.

Жыйында тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын туруктуу оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Суу-энергетика чөйрөсүндөгү жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын эл аралык жана регионалдык аянтчалардагы өз ара колдоосунун жогорку деңгээли жогору бааланып, достуктун салттуу байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзгөн маданий-гуманитардык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү маселелери каралды.

Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов мамлекет башчылары койгон бардык милдеттерди толук аткаруу негизги максат экенин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары арттырууга даяр экенин тастыктады.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынынын Протоколуна кол коюшту.

Связанный пост