Директорлорду тандоо: Бишкекте 60, Ошто 16, Баткенде 52 талапкер босого баллдан өттү

 Директорлорду тандоо: Бишкекте 60, Ошто 16, Баткенде 52 талапкер босого баллдан өттү

21-22-октябрда бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча өткөн тестирлөөдө Бишкек шаарында 60, Ош шаарында 16, Баткен облусунда 52 талапкер босого баллдан өттү.

Маалыматка ылайык, тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү.

Борбор калаада тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү. Андан сырткары, Чүй, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы атайын, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарындагы бош ваканттык орундарга 10 талапкер тестке катышууга чакыруу алса, 9 талапкер катышып, 1 талапкер келген эмес. Тестке катышкан 9 талапкер тең 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүшкөн.

Ош шаары боюнча тестирлөөгө 27 талапкер катышып, анын ичинен 16 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү.

Баткен облусунда тестирлөөгө 151 киши катышып, алардын ичинен 52 талапкер ийгиликтүү тапшырган.

Связанный пост