Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасын иретке келтирүү иштери жүрүүдө

Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасын иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ош-Баткен-Раззаков (75-192-чакырымдар аралыгы) унаа жолунун жээгинде жайгашкан мыйзамсыз объектилер алынып, башаламан соода күркөлөрү буздурулууда. Аталган иш-чаралар Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Учурда Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун боюнда 387 мыйзамсыз курулуш аныкталып, анын 84ү сотко өткөрүлүп берилсе, 200дөн ашыгы жергиликтүү бийлик жана тиешелүү органдар менен биргеликте буздурулду. Ал эми калган объект ээлерине эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле, “Кадамжай” көзөмөл-өткөрүү пунктунун алды толугу менен тазаланып иретке келтирилди.

“Кызыл-Кыя” көзөмөл-өткөрүү пунктунун айланасында жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Кайтпас” чек ара өткөрүү пунктунун алдындагы бир канча акча алмаштыруучу жай иретке келтирилип, мыйзамсыз жайгашкан объектилердин ээлерине эскертүү берилди.

“Ак-Кыя” көзөмөл-өткөрүү пунктунун айланасын иретке келтирүү жана кеңейтүү иштери пландалууда.

“Өтүкчү” пунктунун алдында жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине да эскертүү берилди.

“Чечме” көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында жайгашкан объектилер тазаланды.

Связанный пост