Күйүүчү майдын баасын субсидиялоого бюджеттен 1 млрд сом бөлүндү
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасын кыйла жеткиликтүү деңгээлде сактоого максатында бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджеттен болжол менен 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөнүн күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда АИ-92 бензининин, дизель отунунун жана автогаздын жеткиликтүү бааларын кармап турууга мүмкүндүк берген механизм иштеп жатат. Түзүлгөн макулдашуулардын алкагында мунай трейдерлери күйүүчү майды белгиленген баалар боюнча сатышат, ал эми анын иш жүзүндөгү наркы менен керектөөчү үчүн баанын ортосундагы айырманы мамлекет компенсациялайт.
“Бул чаранын максаты – күйүүчү майдын наркынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калкты, өлкөнүн экономикасын тышкы баалардын өсүшүнөн коргоо. Бирок бир нерсени түшүнүү маанилүү: эгерде керектөөчү күйүүчү майдын чыныгы наркынан аз төлөсө, айырмасын мамлекеттик бюджет төлөйт”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы иш жүзүндөгү нарк менен белгиленген баанын ортосундагы айырма кандай болорун мисал менен көрсөтүп берди.
АИ-92 бензинин болжол менен 88 сомдон сатып алып жатып, керектөөчү иш жүзүндө ар бир литрден 23,1ден 30,1 сомго чейинки бөлүгүн төлөбөйт – бул бөлүктү мамлекет компенсациялайт.
Эгерде автоунаа күнүнө 10 литр бензин сарптаса, ал эми мамлекеттик компенсация орто эсеп менен литрине болжол менен 26,6 сомду түзсө ((23,1+30,1)/2), анда 10 × 26,6 = 266 сом. Демек, мамлекет мындай автоунаа ээсине күн сайын болжол менен 266 сом, же айына болжол менен 7 980 сом компенсациялайт.