Ислам шериктештиги оюндарында Ынтымак Мурадил уулу алтын медаль утту
![Ислам шериктештиги оюндарында Ынтымак Мурадил уулу алтын медаль утту](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/299765474_5242726922521795_8754903626009031006_n-850x560.jpg)
Туркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында салттуу жаа атуу боюнча кыргызстандык спортчу Ынтымак Мурадил уулу 1-орунду жеңип алды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, бүгүн тайпалык беттештер жыйынтыкталып, спортчуларды сыйлоо аземи өтөт.