Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Азия чемпионатында жалпы 7 медаль жеңди

 Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Азия чемпионатында жалпы 7 медаль жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Азия чемпионатында жалпы 7 медаль жеңди.

10-апрелде Казакстандын Астана шаарында күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер жыйынтыкталды. Кыргызстан жалпы 7 медаль ( 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло) менен командалык эсепте 2-орунду ээледи.

🥇 Акжол Махмудов

🥇 Жоламан Шаршенбеков

🥇 Акылбек Талантбеков

🥈 Узур Джузупбеков

🥉 Роман Ким

🥉 Раззак Бейшекеев

🥉 Адилхан Нурланбеков

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин, улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жана ошондой эле жеке машыктыруучулар Хаким Махмудов, Мейрамбек Ахмедовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

11-12-апрель кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда, ал эми 13-14-апрель эркин күрөш боюнча курама команда чыгат.

Связанный пост