Садыр Жапаров: “Талас Арена” жаштарды мекенчилдикке тарбиялаган жай болсун
Бүгүн, 2-ноябрда, Талас облусунун Талас шаарында “Талас-Арена” борбордук стадионунун салтанаттуу ачылышы өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ачылыш аземинде сүйлөп жатып, өлкөдө спортту өнүктүрүүгө, заманбап спорттук объекттерди курууга жана жаштардын чоң турмушка ишенимдүү кадам таштап, жаркын келечегин куруусуна шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Бүгүнкү стадион ушул багыттагы иштердин дагы бир натыйжасы! Заманбап “Талас-Арена” стадионун расмий түрдө пайдаланууга берүү менен облустун спорттук жашоосунун жаңы барагын ачып жатабыз”, – деп баса белгиледи Президент жана Талас облусунун тургундарын аймактын спорт тарыхындагы бул маанилүү окуя менен куттуктады.
Мамлекет башчысы өлкөдө футболду өнүктүрүү стратегиялык багыттардын бири экенине токтолду.
“2034-жылга чейин футболду өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программанын негизги максаттарынын бири – өлкө боюнча футболдук инфратүзүмдү жаңылоо, эл арасынан жаш таланттарды алып чыгуу жана футболдун массалык түрдө жайылышына шарт түзүү”, – деп баса белгиледи Президент.
Садыр Жапаров белгилегендей, 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган жаңы “Талас-Арена” стадионунун негизги футбол талаасы эл аралык стандарттарга ылайык курулуп, автоматтык сугаруу системасы бар гибриддик газон менен жабдылган.
Мындан тышкары, бул жерде эки машыгуу талаасы, үч кичи футбол аянтчасы, заманбап жарыктандыруу системасы жана мелдештерди жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
“Бул жерде спортчулардын машыгууларынан сырткары, расмий мелдештерди, эл аралык оюндарды жана башка ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө да болот. Бирок стадиондун баалуулугу анын көлөмү, же заманбап жабдуулары менен гана өлчөнбөйт. Стадиондун чыныгы баалуулугу бул жерде канча бала футбол ойногону, алардын арасынан канча жаш талант суурулуп чыгып, чоң жеңиштерге карай аттанганы менен аныкталат. Ошондуктан жаңы стадиондун эшиги балдарга, өспүрүмдөргө, жаш футболчуларга жана жалпы эле спортту сүйгөн элге дайыма ачык болууга тийиш!”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Ошондой эле Президент спортту өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоо менен катар жеке демилгелер, демөөрчүлөр жана коомчулуктун катышуусу маанилүү роль ойной турганын айтты.
“Эми алдыда турган негизги милдет – “Талас-Арена” стадионун натыйжалуу башкаруу жана анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу. Мындан ары аталган футболдук клуб стадионду кадырлап, кастарлап пайдаланышы зарыл. Мамлекет куруп берген мындай заманбап объект жөн гана имарат бойдон калып калбасын. Таланттар тарбияланып чыга турган, спорттук ийгиликтерди жарата турган борборго айланышы керек! Менин эң башкы тилегим ушул”, – деп өзгөчө белгиледи Садыр Жапаров.
Президент бул стадиондон келечекте Кыргызстандын чемпиондору, улуттук курама команданын мүчөлөрү жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү чыгышына тилектештигин билдирди.
“Жаңы стадион Талас элинин сыймыгына айланып, жаштарыбызды ынтымакка, эмгекчилдикке жана мекенчилдикке тарбияласын! “Талас-Арена” дал ушундай максаттарды ишке ашырган куттуу жай болсун!”, – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.