Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 4 күнгө жабылат
![Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 4 күнгө жабылат](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/11/1045960313_197_-1_3455_2048_1920x0_80_0_0_a5a63d70c078a7666941c5856778d977-1-850x560.jpg)
Биринчи Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 24-25-26-27-ноябрь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат.
Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:
- Жибек Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
- Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.
Белгилей кетсек, «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Биринчи Элдик курултай өтөт.