Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Экономика министринин орун басары менен жолугушту

 Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Экономика министринин орун басары менен жолугушту

 4-августта Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Экономика министринин орун басары Сахиб Маммадов менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү кызматташуунун учурдагы абалы, ошондой эле келечеги талкууланды. Тактап айтканда, тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын ушул айда Баку шаарында өткөрүлүшү пландалган 4-жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Экономика министри өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин белгиледи.

Связанный пост