Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады

 Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады

Исландиядагы жарым аралда Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады. Бул тууралуу ЖМКлар жазды.

Маалым болгондой, жанар тоо Рейкьявик борборунан 30 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

«Акыркы жолу Фаградальсфьядль жанар тоосу бир жылга жетпеген убакыт мурун атылган.

АКШдагы Смитсон институтунун маалыматы боюнча, Исландия эң көп активдүү жанар тоолору бар өлкөлөрдүн арасында дүйнөдө тогузунчу орунду ээлейт. Рейтингде биринчи орунду Индонезия ээлесе, ал эми Россия төртүнчү орунда турат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост