“Достук” өткөрмө пунктунда 1 млн 300 миң рублдан ашык акчаны мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду

 “Достук” өткөрмө пунктунда 1 млн 300 миң рублдан ашык акчаны мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду

“Достук” өткөрмө пунктунда 1 млн 300 миң рублдан ашык акчаны мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын ЧАК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, «Достук» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз акча каражаттарын өткөрүүгө аракет кылган учурда Өзбекстан Республикасынын жараны токтотулган.

Кармалган товардын жалпы суммасы 1 330 000 рубльды түзгөн. Факты КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн КР транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост