Баткенде маркалоосуз жана ветеринардык күбөлүгү жок товар кармалып, жок кылынды

Баткенде маркалоосуз жана ветеринардык күбөлүгү жок товар кармалып, жок кылынды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
“Баткен” бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ бажы мыйзамдарын бузууларга каршы күрөшүүгө багытталган текшерүү иш-чараларын өткөрүүдө КР жараны “Б.А.Н” башкаруусундагы «Mercedes» үлгүсүндөгү транспорттук каражат токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Авто унааны текшерип кароодо товар –өндүрүүчүнүн маркалоосу жок 30 000 даана тооктун жумурткалары табылган. Мындан тышкары айдоочу 20.02.2023-жылдагы ветерианрдык маалымдарын көрсөткөн, анда тооктун жумурткалары – 4000 даана болгон. Жүк кармалып, Баткен облусунун Кадамжай районунун РИИБдин аймагына киргизилген.
2024-жылы 16-апрелде ветерианрдык кызматы, санитардык-эпидемиологиялык кызматы, Кадамжай районунун РИИБ, айыл аймагынын төрагасы жана бажы кызматынын кызматкерлери кирген комиссия тарабынан тиешелүү ветеринардык күбөлүктүн жоктугунан улам товар жок кылынган.

Связанный пост