Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

 Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги маалымдады.

 

Шаршенбеков 60 кг чейинки салмакта чечүүчү финалдык беттеште япониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде ишенимдүү түрдө утту.

Ал 1/8 финалдык баскычта индонезиялык Супарманто Супарманто аттуу балбан менен чыгып, натыйжада 11:0 эсебинде таза жеңишке жетти. Чейрек финалда өзбекстандык Бахромовду 23 секунддун ичинде 8:0 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда ирандык балбанды 11:0 эсеп менен артта калтырды.

Связанный пост